Кыргыз балбандары эркин күрөш боюнча Алматыда өткөн рейтингдик турнирде үч медаль багынтышты

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Алматы өткөн Bolat Turlykhanov Cup рейтингдик турниринде үч медалды багынтышты.

Жыйынтыгында кыргыз спортчулары жалпы командалык зачётто төртүнчү орунда ээлешти. Чемпионаттын жыйынтыктары Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (United World Wrestling) сайтында жарыяланды.

Алтын медалдарды Бекболот Мырназар уулу (61 кг салмакка чейин) менен Эрназар Акматалиев (70 кг салмакка чейин) багынтышты. Экинчи орунга Саякбай Усупов чыкты (79 кг салмакка чейин).

Эркин күрөш боюнча жалпы командалык эсепте биринчи орун казакстандык спортчуларга тийди. Экинчи орунду Индиянын командасы, ал эми үчүнчү орунду ирандык спортчулар ээледи.

Күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик турнири 2-июндан 5-июнга чейин Алматыда өттү. Мелдешке 15 өлкөдөн келген 300гө чукул спортчу катышкан.