«Аксакал келинине болушкан». Нарындын тургуну атасынын өлүмүнө шектелип кармалды

Шектүү. Сүрөт: Нарын РИИБи

Нарын районунун Алыш айылынын тургуну атасына бычак сайып өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-июнь күнү саат 14:30да милицияга 71 жаштагы аксакал бычакталып ооруканага жеткирилгенин кабарлашкан. Милиционерлер ооруканага барганда аксакал окуя болгон жерде каза болуп калганы аныкталган.

«7-июнь күнү саат 13:30 чамасында Нарын районунун Алыш айылынын 47 жаштагы тургуну эшиктен мас абалында үйүнө кирип келип, жубайы менен уруша кеткен. Анан келинине болуша кеткен атасын жүрөк тушунун ылдый тарабына бир жолу сайып жиберген», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул боюнча Нарын райондук ички иштер башкармалыгы «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүнү кармады. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргызстанда жыл өткөн сайын үй-бүлөлүк зомбулук фактылар көп катталып жатат. ИИМдин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2021-жылы 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган, бул 2020-жылга салыштырмаалуу 12%га көп.

Зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет.

Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсүндө аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табары аныкталган — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандык болуп эсептелет.

Тема боюнча:

ИИМ: Өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды