Милиция: Түрк ишкерине каракчылык кылып кол салууга шектелгендер кармалды

Бишкекте жаңы конуштардын биринде түрк ишкерине каракчылык кылып кол салууга шектелген эки жигит кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандар 28-майда түн ичинде түрк жараны жашаган үйгө кирип барып, ишкерди жыгач союл менен сабашкан. Андан соң алар жабырлануучунун 60 миң сомдон ашык акчасын жана башка баалуу буюмдарын тартып алышкан.

Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, шектүүлөр үйгө тосмодон ашып түшүп, короонун жарыгын өчүрүшкөн. Үй ээси, ИИМ белгилегендей, короого чыга калганда шектүүлөр ага кол салышкан.

Аталган факт боюнча «алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кармалгандар буга чейин да сот жообуна тартылганы белгилүү болгон.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктап жатышат.