Бишкек шаардык соту Фарид Ниязовду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду камакта калтырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алардын маалыматына ылайык, Биринчи май райондук соту буга чейин Ниязовдун баш коргоо чарасын 18-июнга чейин узарткан. Анда, президенттик аппараттын мурдагы жетекчисинин жактоочулары бул чечимди Бишкек райондук сотунда даттанууну чечкен, бирок шаардык сот өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Фарид Ниязов — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Атамбаев бийлик башында турганда бейрасмий түрдө президенттин «оң колу» деп аталып жүргөн.

Аппарат жетекчилигинен кеткенден кийин Ниязов президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган. Атамбаев президенттиктен кетип жатып Ниязовду «жакшы вазир» деп атап, «Манас» ордени менен сыйлаган.

2019-жылы Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү штурмга алынганда Ниязов мурдагы президентти жанында болгон. Анда Атамбаев камакка алынган болчу.

Ниязов мурдагы президент Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясын штурмга алуу ишине байланыштуу Бишкектин ТИЗО-1не камакка алынган.

2020-жылдын 6-октябрына караган түнү, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына болгон нааразычылык акциясынан кийин камактагы саясатчылардын көбү бошотулган, алардын ичинде Ниязов, Атамбаев жана учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров да болгон.

Ниязов митингге катышууга үлгүргөн, бирок 10-октябрда кайрадан кармалган. Андан кийин Ниязов кайра коё берилген, кийин 11-октябрда кайра кармалып, массалык башаламандык иши боюнча ТИЗО-1ге киргизилген.