Нарында капиталдык курулуш башкармагынын кызматкерлери 21 млн сом кымырып алганы аныкталды

Нарын облустук прокуратурасы облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 21 миллион 800 миң зыян келтиргенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 9-июлда билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер Ат-Башы районунун Казыбек айылына бала бакча курууда жана Кара-Булуң айылындагыа таза суу системасын реабилитациялоодо «кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып» иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга акчаны мыйзамсыз которгон деп шектелүүдө.

Прокуратрадан шектүүлөр иштин аткарылышына тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүшпөгөнүн кошумчалашты.

Бул боюнча облустук прокуратура «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин эки пункту боюнча кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөр сурап берип жатат.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги жана Улуттук госпиталдын кызматкерлери мамлекетке 4,5 млн сомдук зыян тийгизишкени аныкталга.

Шектүүлөр 2021-жылдын май айынан ноябрга чейинки алты айдын ичинде кызматтык абалынан пайдаланып, мыйзамды бузуу менен иммундук-супрессидик препараттарды сатып алуу боюнча тендер өткөрүшкөнү белгилүү болгон. Бул факты боюнча да башкы прокуратура «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козгогон.

Тема боюнча:

Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери мамлекетке 4,5 млн сом зыян тийгизгени аныкталды