Улуттук банк мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын накталай эмес төлөөнү сунуштады

Улуттук банк мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада төлөө сунушталган документти коомдук талкууга чыгарды.

Токтомдун долбоору Улуттук банктын сайтына жарыяланды. Улуттук банк түшүндүргөндөй, долбоор накталай эмес эсептешүүлөргө жана төлөмдөргө толук масштабдуу өтүү, санариптик төлөмдөрдү киргизүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу максатын көздөйт.

Башкы банк токтом кабыл алынса, акы алуу негизинде кызмат көрсөтүп жаткан мамлекетик жана муниципалдык мекемелер банктык карталарды, анын ичинде QR-код технологияларын колдонуу менен электрондук акчаларды кабыл алуу боюнча жабдууларды орнотушу керек болот. Коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына мамлекеттик мекемелерди аталган жабыдуулар менен камсыздоо сунушу берилет.

Токтом долбоорунун маалым-катында жабдууларды орнотууну уюмдар өздөрү, мамлекеттик бюджет жана коммерциялык банктардын инвестициялары каржылай турганы айтылат.