Вакциналар жарактан чыкканы үчүн иштен бошотулган Нурлан Галбаев кызматына кайтарылды

Бишкектин Ленин райондук Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун (БҮМБ) мурдагы жетекчиси Нурлан Галбаев кызматына кайтарылды. Ал 2021-жылдын майында Орусиянын «Спутник V» вакциналарынын дозалары жарактан чыккандыгы үчүн кызматынан бошотулган.

Галбаев кызматына кайтарылганын тууралуу маалыматты «Клооптун» кабарчысына Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты. Галбаев кызматтан алынгандан кийин Саламаттык сактоо министрлиги менен соттошорун айткан болчу.

Мекеменин маалыматына ылайык, Галбаевди кызмат ордун кайра калыбына келтирүү тууралуу чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2021-жылдын декабрь айында эле кабыл алган. Анда сот Галбаев тарапта болуп, Саламаттык сактоо министрлигине аны Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору кызматына кайра калыбына келтирүүнү тапшырган.

Министрликтен белгилешкендей, декабрда БҮМБ кайрадан түзүлүп, борбордун милдеттери №1 Үй-бүлөлүк медицина борборуна өткөрүп берилген. Жыйынтыгында, соттун чечими менен Галбаев №1 Үй-бүлөлүк медицияна борборунун директору болуп дайындалган. Ал эми Чоро Сатаев жумуштан бошотулган.

Министрликтен Сатаевге 8-июнда Галбаевди жааматка жеке өзү таныштырууну тапшырмасы берилгенин, бирок ал күнү Сатаев жетекчиликке айтпай туруп ооруп калгандыгы боюнча өргүү алып, жумушка келбей койгонун кошумчалашты. Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлиги кызматтык териштирүү жүргүзөт.2021-жылдын апрель айында Бишкектин №2 поликлиникасында вакциналар муздаткыч токтон суурулуп калгандыктан жараксыз болуп, препараттарды эсептен чыгарууга туура келгени белгилүү болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги 2021-жылдын 24-майында «Спутник V» вакцинасынын жарактан чыгышына байланыштуу Башкы прокуратура териштирүү башталганын кабарлаган.

Эрип калган миңден ашык вакцинанын наркы 840 000 сомго бааланган.