«Жалал-Абад электрдин» директорунун мурдагы орун басары 220 миң сом айыпка жыгылды

Рысбай Алдосов. Сүрөт: Turmush

«Жалал-Абад электр» ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Рысбай Алдосов ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абал облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, өкүм үстүбүздөгү жылдын 26-майында чыккан. Тергөөдө Алдосов мамлекетке 2 млн 235 миң 567,72 сом зыян келтиргени аныкталган.

Алдосов «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу» беренеси менен күнөөлүү деп табылган. Келтирилген зыян мамлекетке кайтарылган.

Мындан сырткары ага 220 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Алдосов «Жалал-Абад электр» ишканасында директордун орун басары болуп 2017-2019-жылдары иштеген.

«Дебиторлук карызды мыйзамсыз эсептен чыгаруу» иши

2021-жылдын декабрь айында «Ош электр», «Жалал-Абад электр», «Түндүк электр» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери электр энергиясына болгон карыздарды эсептен мыйзамсыз чыгаруу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөнү аныкталган.

Башкы прокутатуранын маалыматына ылайык, 2016-2020-жылдар аралыгында карыздарды эсептен мыйзамсыз чыгаруу менен аталган кызматкерлер мамлекетке 897 миллиондон ашык зыян келтирилген.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде бул иш боюнча «Жалал-Абад электрдин» мурдагы директору Кеңешбек Маматканов кармалган. Башкы прокуратурадан 2015-жылдан 2020-жылга чейин «Жалал-Абад электр» ишканасынын кызмат адамдары мамлекетке 113 млн 838 миң 100 сом зыян келтирилгенин билдиришкен.

Ал эми 1-мартта «Чыгыш Электр» ачык акционердик коомунун Нарын облусундагы филиалынын жооптуу кызматкерлери кармалган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, шектүүлөр 2016-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин электр энергиясына болгон 219 млн сом карыздарды негизсиз эсептен чыгарышкан.

4-матта болсо «Ош Электр» ААКнун Ноокат районунун филиалынын мардагы жетекчиси Дыйканбай Даминов жана Кызыл-Кыя жылуулук электр борборунун жетекчисинин орун басары кармалган.

Алар электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышкан. Жыйынтыгында мамлекетке 134 млн сом зыян келтиргендиги аныкталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жалал-Абад электр» ишканасынын мурдагы жектекчиси кармалды