Жапаров: Мага сын айткандар чектен ашып баратса катуу тарбиялап койгонго эрким жетет

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров «Би-Би-Си» басылмасына маек курду. Анда ал акыркы окуялар жана ага карата айтылган сын пикирлер боюнча жооп берди.

Жапаров маегинде «сөз эркиндигине эркиндик беришибиз керек» деп айтты. Ошондой эле ал баарын бирдей көрөрүн жана ага сын айткандарды «жаман көрбөсүн» билдирди.

«Үй-бүлөдө деле он балаң болсо бир экөө начар чыгат. Анан аларды кодулап, бөлүп таштай албайсың да. Баарын бирдей жакшы көрөсүң. Мага сын айтып аткандарды, тилдеп аткандарды жаман көрбөйм. Сотко бербейм. Кечирим суратпайм. Сабырдуулук кылып тим коюп жатам. Бирок чектен ашып бара жатса, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет. Чектен чыкпаш керек», — деди ал.

Ошондой эле өлкө башчысы элдин баарына жагуу мүмкүн эмес деп эсептейт. Ал «жакшы иштерди көрүп турса дагы көргүсү келбеген адамдар бар» деген пикирде.

«10-20 пайыз адамдарга жакпайсың. Ал эми мени колдоп такка отургузган 80 пайыз шайлоочуларыма айтаарым, эч кам санабагыла. Мен баш көтөрбөй жакшы иштерди жасай берем. “Жөжөнү күздө санайбыз”. “Жөжө санаар” мезгил келгенде эч качан силерди жер каратпаймын», — деп убадалады ал шайлоочуларына кайрылып.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден бери ага карата сын айткандарды кайра сындап келет. Бийликти сындаган айрым активисттерге жана журналисттерге кылмыш иштери козголуп, айрым саясатчылар камакка алынган.

Ошондой эле Жапаровдун бийлигинин тушунда көз карандысыз журналисттерге басым күч алды. Активисттердин, журналисттердин, оппозициячыл саясатчылардын аброюна шек келтирген, жеке жашоосунун купуялуулугун бузган сүрөт-видео материалдар соцтармактарга тараган.

Мындан сырткары өлкө башчынын тарапташтары ага сын айткан адамдарды соцтармактардан ар дайым кодулап, куугунтуктап келишет.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Балалап кетишине жол бербейли!» Бийлик каршы ой айткандарды кантип талатууда?