Бакиевдин үйү бузулду. Ордуна майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор курулат

Бишкектин Жибек-Жолу проспектинде жайгашкан, мурда бозгун президент Курманбек Бакиевге таандык болгон үй бузулду. Имараттын бузулушу тууралуу видеону Kaktus Media басылмасы жарыялады.

Буга чейин 9-июнда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги бул үйдүн ордуна майыптыгы бар балдар үчүн ден соолугун калыбына келтирүү борбору куруларын билдирген. Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, борбор балдарды акысыз тейлейт.

«Биз баарын билебиз, өзгөчө балдары бар үй-бүлөлөр жеке кызматтарды төлөй алышпайт. Эми мамлекет заманбап борбордо сапаттуу кызмат көрсөтөт. Борбор бир убакта 100 балага чейин кабыл ала алат», — деп айткан Базарбаев.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 32 миңден ашуун майыптыгы бар бала бар.

Курманбек Бакиев 2005-жылы Аскар Акаев тактан кулатылгандан кийин, март революциясынын натыйжасында бийликке келген.

2010-жылы 7-апрелде элдик толкундоолордун натыйжасында 80ден ашык киши каза таап, Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган.

Бакиев үй-бүлөсү менен Белоруска качып кеткенден кийин бийликке Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу өкмөт келген.

Курманбек Бакиевдин Белорустун жараны экенин айгинелеген паспорту хаккерлик аракеттен кийин ачыкка чыгып кеткен.

2016-жылы сот Бакиевди 7-апрель окуялары жана дагы башка кылмыштары үчүн сыртынан 30 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү да сыртынан кесилишкен.