Бишкек — Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди каттап баштайт

17-июндан тарта поезддер аптанын жумасынан дем алыш күнгө чейин, ал эми 18-июлдан жайдын аягына чейин күнүгө каттайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Борбор калаадан поезд сатт 7:40та чыгып, Балыкчыга түшкө жакын жетип калат. Кайра борбор калааны көздөй поезд 18:00гө чукул чыгып , 22:00гө жакын келип калат.

Бишкек — Балыкчы поезди жыл сайын июндун орто ченинде туристтик сезонду ачып, сентябрга барып каттамын токтотот.

Апрелде «Кыргыз темир жолу» ишканасы Орусия менен Самара, Казань жана Новосибирск багыттары боюнча каттамдарын жандантуу макулдашылганын билдирген. Майда компания каттамдар июнда жанданарын тактаган. Ал эми Москва багыты боюнча поезд каттамы 2023-жылга чейин жанданбайт, буга Орусиянын баш калаасында рельс жана шпалдар алмаштырылып, темир жолдор жаңыртылып жатканы себеп.

Автору: Лев Потапов