Бишкек: Майыптыгы бар адамдар социалдык турак жай куруп берүүнү суранышты

13-июнда Өкмөт үйүнүн алдына майыптыгы бар адамдар митингге чыгышты. Алар президенттен турак жай маселесин чечип берүүнү талап кылышты.

Сүрөт: «Клооп»

«Биз бул жерге 30 жылдан бери чечилбей келген көйгөй менен чыктык. [Майыптыгы] бар адамдар үчүн бир дагы турак жай курулган эмес. 10 миңден ашуун [адам] үйгө муктаж», — деди «Клооптун» журналистине митингчилердин бири.

Чогулгандар президент Садыр Жапаровго кайрылып, бийлик аларды үй жана жер тилкеси менен камсыз кылуусун талап кылышты.

Кийин митингчилерге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чыгып жолукту. Анын айтымында, учурда бийлик муктаждарды системдик түрдө турак жай менен камсыздоо максатын коюп жатат.

«Бул эң негизги артыкчылыктуу багыттардын бири. Бирок, маселе бир гана мыйзамдар менен саясий эркте эмес, мамлекетте каражаттын болушу да маанилүү. Ошондуктан салыктар менен төлөмдөрдү толук түрдө чогултуп алуу маанилүү. Бул каражат элге, медицинага, билим берүүгө, социалдык керектөөлөргө, анын ичинде, турак жай менен камсыздоого багытталат», — деди Байсалов.

Материалдын авторлору: Айдана Сулпуева жана Кайрат Бердишалиев