УКМК: Оштогу кыргыз-өзбек чек арасында 270 метрлик жер астындагы жашыруун жол табылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Телман айылында Өзбекстанга өтчү жер астындагы жашыруун жол табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнү байланыштырган жер астындагы тоннель бар экени 20-майдагы атайын тинтүү учурунда белгилүү болгон.

«Бул тоннелдин тереңдиги 15 метр, тоннелдин кире бериши 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын. Кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт», — деп жазылат билдирүүдө.

УКМК тараткан видеодон тоннелдин ичинен колго жасалган арабаны, суюктук өтүүчү шлангды жана электр зымдарын көрүүгө болот.

Атайын кызматтан жер астындагы жол табылган аймактын ээси учурда Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык ооруканада жататканын, акыл-эсинин жайында экенин текшерүү үчүн кайрадан экспертиза дайындоо пландаштырылып жатканын белгилешти.

УКМКдан жер астындагы жол кандай максатта пайдаланып жүргөнүн ачыкташкан жок. Ал эми Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Амирбек Жунусов тоннель табылган үйдө эч ким жашабаганын айтты.

«Үй сатылып кетип, үч-төрт айдан бери жабык туруптур. Тоннелге айыл башчы менен кошо кирдик, киши батат экен. Эмне максатта жасалганы боюнча маалыматым жок», — деди Жунусов.

5-майда Жалал-Абал облусунун Аксы районунда кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу 1 килограммга жакын ооган гашишин алып өтүүгө аракет кылгандардын ишине бөгөт коюлган. Шектүүлөр чек ара кызматкерлерин көргөндө Өзбекстандын аймагына кире качып, жашынып калган.

Ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Актам айыл аймагына караштуу Дөбө-Коргон айылында өзбек чек арачыларынын огунан бир үй-бүлөдөн үч киши каза тапкан.

Кыргыз тарап чек ара тилкесинен 50-55 метр аралыкта, Кыргызстандын аймагында гильзалар жана кандын издери табылганын белгилеп, Өзбекстандын чек ара отряды кыргызстандыктарга ок чыгарганы боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылган.

Андан тышкары, кыргыз жарандары каза болгон жерден 80 метр аралыкта 2000 кг селитра табылган.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Өзбекстандын өкүлү чек ара отряды мамлекеттик чек арадан минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган адамдар кармалганын билдирген. Ал мыйзам бузгандар чек арачыларга таш ыргытып, алар курал колдонууга аргасыз болгонун кошумчалаган.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 378 километрди түзөт — 2017-жылдагы ратификациялоо мыйзамына ылайык анын 1 170ии (85%) такталган болуп эсептелет. Кийинчерээк чек аранын дагы 13%га жакыны такталган.

Тема боюнча:

«Курал колдонулду». Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, эки кыргызстандык каза тапты