ӨКМдин башчысы жоокер сабалган аскер бөлүгүнө барды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 11-июнда ӨКМдин №86123 аскер бөлүгүнө барды. Ал жакта буга чейин кыска мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери Бекзат Эсенбеков сабалган.

ӨКМден билдиришкендей, министр келишимдик негизде кызмат өтөп жаткандар жана аскердик бөлүктүн офицердик курамы менен жолугушкан. Ажикеев аскерлер сабалган окуяларды болтурбоо үчүн тарбиялык иштерди күчөтүү керектигин билдирген.

«Ажикеев катардагы жоокер Бекзат Эсенбековдун сабалганы боюнча ар бир аскер кызматкери менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан ары мындай иштер кайталанбашы үчүн алдын алуу иштерин күчөтүү милдетин тапшырды», — деп билдиришти мекемеден.

Тема боюнча:

«Фельдшерге да чара көрүлөт». Жоокердин сабалышы боюнча алты киши иштен убактылуу четтетилди

«Түнү менен сабаптыр». ӨКМдин жоокерин табарсыгы жарылганча сабоого шектелип прапорщик кармалды