Өкмөт мунапыс берилген жер тилкелеринин документтерин кароо мөөнөтүн кыскартууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жерди трансфармациялоо маселелерин чечип берүүнү талап кылган митингчилер менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Буга чейин, 13-июнда жарандар Өкмөт үйүнүн имаратынын алдына митингге чыгып, мунапыс берилген жер участоктордун жеке менчикке алуу боюнча документтерин берүү мөөнөтүн кыскартууну талап кылышкан.

Митингде алар 2022-жылдын февраль айында жерди мыйзамдуу түрдө трансфармациялоого жол бербөөчү жобо иштелип чыкканын айтышкан.

«Мыйзамда жазылган жобо менен трансфармациялоо мүмкүн эмес. Эл жободогу эки пунктту алып салууну суранууда», — деп билдиришкен анда митингчилер.

Жапаров 14-июнда митингдин катышуучуларын менен жолуккандан кийин Айыл чарба министрлигине мунапыс берилген жер тилкелерине документтерди берүүнүн мөөнөтүн кыскартуу тапшырды.

Ал жарандар мамлекеттик органдардын аракетсиздигинен улам митингге чыгып жатышканын кошумчалады.

«Бирок биз ар дайым элдин үнүн угуп, элдин нааразычылыгын жаратпай турган чечимдерди кабыл алабыз», — деп ишендирди минкабдын башчысы.

Жапаров Айыл чарба министрлигине жер мунапысна түшкөн жер тилкелерине үй курууга укукту белгилөөчү документтерди алуу механизмин дагы жөнөкөйлөштүрүү тапшырмасын берди.

Материалдын автору: Жаркынай Жээналиева