Президент катышкан оюнда «жаңы стадион керек» деп ураан чакырган түрк жараны сурак берди

Бишкекте 11-июнда өткөн Кыргызстан менен Мьянманын курамаларынын беттешинде жаңы стадион курууну талап кылган чет элдик жаран суракка алынды. Аталган матчты көрүүгө президент Садыр Жапаров дагы барган.

Активист Адилет Балтабай «Клоопко» оюндан кийин анын таанышын — Түркиянын жараны Али Салихти милиция суракка алганын кабарлады.

Анын айтымында, Салих Кыргызстандын курама командасынын эң жигердүү ышкыбозу. Ал оюндун биринчи таймынан кийинки тыныгууда башка күйөрмандар менен бирге «Ак терек, көк терек, Кыргызстанга жаңы стадион керек!» деп кыйкырган.

«Аны коомдук тартипти бузгансың деп суракка чакырышкан экен. Аны түшүнүк кат жазууга мажбурлашыптыр», — деди Балтабай.

Ал эми түрк жараны сурак боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Материал чыгаардын алдында Биринчи май РИИБинен сурак боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Эмне болду эле?

Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча улуттук курамаларынын 11-июндагы беттеши учурунда күйөрмандар президент Садыр Жапаровдон жаңы стадион талап кылышкан. Оюнга өлкө башчысы жубайы Айгүл Жапарова менен барган. Алар матчты VIP зонада отуруп көрүшкөн.

Оюн учурунда күйөрмандар «жаңы стадион» деп кыйкырган.

Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлерине «ураан» жага бербей, күйөрмандардан тынчтанууну талап кылышкан. Милициянын пикиринде, «стадиондо андайды талап кылганга болбойт».

Аталган матчта Кыргызстандын курамасы Мьянманы 2:0 эсебинде уткан. Бул «Ак шумкарлардын» экинчи жеңиши.