Видео: Ноокатта бала бакчанын экинчи кабатынан түшүп кеткен наристенин окуясы боюнча териштирүү башталды

Ош облусунун Ноокат шаарындагы муниципалдык «Саламат» балдар бакчасынын экинчи кабатындагы терезеден түшүп кеткен наристе боюнча милиция териштирүү иштерин баштады.

Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдиргендей, окуя 13-июнь күнү саат 12:30дар чамасында катталган.

Аталган күнү Ноокат районунун Арбын айылынын 25 жаштагы тургуну саат 11:10 чамасында 4 жашар уулун биринчи жолу «Саламат» балдар бакчасына алып келип, директорго тапшырып кеткен.

Ал эми жаш бала болжол менен саат 11:40 чамасында балдар бакчасынын экинчи кабатынын терезесине чыгып, көчө тарапка асылып калган. Баланын асылып турганын 67 жаштагы тургун көрүп калып, ал кулаганда жерге түшүрө койбой кармап калган.

Алгач аталган окуя тууралуу Фейсбуктун колдонуучусу Айжаркын Сүйүнбай кызы жазып чыккан. Ал бала түшүп кетип жатканы тартылып калган тасманы да жүктөгөн. Анда баланы көчөдө бараткан киши көрүп калып, андан кийин башка кишилер да чогулуп кармап калышканын көрүүгө болот.

Бул окуя боюнча Ош облустук ички иштер башкарамалыгы жаш өспүрүмгө соттук-медициналык экспертиза дайындап, бирок баланын ата-энеси андан баш тартып койгон.

«Баланын денесине эч кандай зыян келбеген үчүн ата-энеси медициналык көзөмөлдөн өткөрүүдөн баш тартышкан. Ошондой эле бала бакча кызматкерлерине арыз доосу жок экенин да билдиришип, арыз жазуудан баш тартышкан», — деди Аширбаев.

Милициядан тийешелүү мекемелерге каттар жиберилип, балдардын коопсуздугун алдын алуу үчүн ар тараптуу текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинен «Клоопко» учурда окуя боюнча тийешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Бала бакчанын директоруна сөзсүз каттуу чара көрүлөт. Анткени, аталган бала бакчанын коопсуздук жактары таптакыр талапка жооп бербейт экен. Азыр билим берүү министрлиги тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошого жараша чара көрүлөт», — деди министрликтин маалымат катчысы Нуржигит Мырзабеков.

Тема боюнча окуңуз:

Ысык-Көлдө 18 жаштагы бала аквапаркта каза тапты, аны суу соруучу насостун түтүкчөсү соруп кеткен

Аквапаркта каза тапканын окуучунун апасынын майыптыгы бар, ал адвокатка муктаж