Аквапаркта каза тапканын окуучунун апасынын майыптыгы бар, ал адвокатка муктаж

«Балдарды коргоо лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова «Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп каза болгон үчүнчү класстын окуучусунун апасы менен жолукту. Бул тууралуу Турдубекова Инстаграм барагында билдирди.

Турдубекова баланын апасы Асел Акылбек кызынын майыптыгы бар экенин, бутуна протез тагылганын айтып берди. Турдубекованын айтымында, Асел өз алдынча сот инстанцияларына бара албайт, ага адвокаттын жардамы керек.

«Аквапаркка жана мектепке суроолор көп. Комиссиянын жана тергөөнүн корутундусун күтүп жатабыз. Эгерде жыйынтыгы күмөн жаратса, анда коомдук комиссия түзөбүз», — деп жазды Турдубекова.Окуучунун апасы Турдубекова менен сүйлөшкөндө уулунун өлүмүнө күнөөлүүлөр жазага тартылышын кааларын айткан.«Иш-чараны өткөрүүгө, балдардын коопсуздугу үчүн жооптуулар жазасын алсын. Ошол эле керек мага. Баламды моргго алып кетишкенде бул тергөө үчүн керек дешкен. Эч жазыгы жок баламды союп, экспертиза кылууга туура келди. [...] Кескилеп, ошол бойдон алып келип беришти. Бардыгы аягына чейин чыксын, ар бири жазасын алышын каалайм», — деген баланын апасы.

Асел баласынан башка эч кими жоктугун белгилеген.

«Мен бир эле адам жазалансын деген жерим жок. Мисалы, ошол күнү кайсыл күзөтчү иштеди. Анын кандай милдеттери бар. Ал балам чабалактап, жардам сурап өлүм алдында турганда эмне кылышы керек эле? Келечекте мени бага турган жалгыз баламдан айрылдым. Менден башка [баламдын] эч кими жок болчу, менин да андан [баламдан] башка эч кимимим жок болчу», — деди Асел.

Аквапаркка чөгүп каза тапкан 9 жаштагы Атай

6-июнда № 95 мектептин 3-классынын окуучусу Атай Аскат уулу «Ала-Тоо» аквапаркына чөгүп кеткен.

Баланын апасы уулу аквапаркка классы менен кеткенин айтып берген. Анын айтымында, окуучулар аквапаркка барардын алдында, балдарга куткаруучулар менен эки чоң киши көз салып карап турарын айтышкан.

Баланын энеси кырсыктан кийин тез жардам дароо чакырылбаганын да билдирген. Ал медиктер аквапаркка өзү жетип баргандан кийин гана артынан келишкенин айткан.

Аялдын айтымында, медиктер баланы көрүп, окуучу тез жардам келгенге чейин эле жан бергенин айтышкан.

«Бизди, ата-энелердин баарын ал жерде куткаруучулар болот деп ишендиришкен да. Уулумдун өлүмү үчүн эми ким жооп берет? Бир айдан кийин, 12-июльда, 10 жашка чыкмак», — деп жазган баланын энеси.

Кийин баланын өлүмүнө байланыштуу аквапаркта эч алууну уюштурган мектептин алты мугалими менен окуу бөлүмүнүн эки башчысы иштен алынган.

Ал эми бүгүн, 10-июнда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында «Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп каза тапкан бала окуган №95 мектептин директору Айгүл Шимова кызматтан алынары белгилүү болду.