Балдар үйүндө тарбияланган өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 24 жаштагы бала кармалды

Милиция Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн 14 жаштагы тарбиялануучусун зордуктоого шектеп 24 жаштагы баланы кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сокулук РИИБне кыздын апасы арыз жазып кайрылган. Анын айтымында, окуя 14-июнь күнү түнкү саат экиде болгон. Облустук ИИБдин маалыматына ылайык, шектүү мас абалында болгон.

Факт «Зордуктоо» беренеси менен каттоого алынды.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүү кыздын ата-энесинин кошунасы. Кыз 2014-жылдан бери балдар үйүндө тарбияланат. Тергөө жүрүп, экспертизалар дайындалды.

Материалдын автору: Аделя Именова.