Бишкекте 10-кабаттан боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды

Бишкекте 18 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн боюн таштап жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ал жактан 15-июнь күнү саат 06:35 чамасында Логвиненко көчөсүндөгү көп кабаттуу имараттын 10-кабатынан белгисиз жаран өз өмүрүнө кол салууга аракеттенгенин айтып беришти.

«Окуя катталган жерге дароо куткаруучулар тартылып, 11-кабаттан 10-кабатка атайын альпинисттик шаймандары менен 18 жаштагы кызды түшүрүштү», — деп билдиришти ӨКМден.

Видео: ӨКМ

Мекеменин маалыматына ылайык, кыз милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Адам оор психологиялык абалга кабылып, жанын кыюуга аракет кылса эмне кылуу керек?

Сөзсүз адиске кайрылышы керек. Эгер психологдун номери же каражаты жок болсо, анда 24 саат бою иштеген чукул байланыш кызматына чалса болот.

Эмгек министрлигинде акысыз чукул байланыш линиясы иштейт. Кыргызстандын ар бир жараны 111 номерине телефон чалып, акысыз психологиялык жардам алса болот. Психологдор чоңдорго да, балдарга да консультация беришет. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар же жашоо шарты оор абалдагылар үчүн 117 линиясы иштейт.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкекте Балдарга жардам берүү борбору иштейт. Ал жакка +996773192099 жана +996707079597 номерлери аркылуу кайрылса болот.

Мындан тышкары, Кыргызстанда зомбулукка кабылган жүздөгөн аялга күн сайын жардам берген 17ге чукул кризисттик борбор иштейт. Бул жайларда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга психологиялык, медициналык жана юридикалык жардамдар көрсөтүлөт — документтерди толтурууга көмөк көрсөтүп, сот залына коштоп барышат. Ошондой эле кризисттик борборлордо убактылуу баш калка берилет.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.