Камчыбек Ташиев Аксыда УКМКнын кезектеги имаратын ачты

УКМКнын башчысы 15-июнда коопсуздук комитетинин кызматкерлери үчүн онунчу имаратты ачты. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Имараттын ачылышына атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын жетекчилиги, УКМКнын ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана өздүк курам катышты. УКМКнын башчысы аймакта «эч андай мыйзамсыз аракеттерге жол берилбеши керектигин», ошондой коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин ишине талаптар күчөтүлөрүн белгиледи.

«Мамлекеттин коопсуздугуна, элдин тынчтыгына кооптуулук жаратып жаткан бардык тармактарда жумушту күчөтүү зарыл. Сиздерге мамлекет тарабынан жумушчу шарттар түзүлүп жаткандан соң, талаптар мындан да күчөтүлөт», — деди Ташиев. УКМКнын пресс-кызматынын маалыматына ылайык, буга чейин атайын кызматтын Аксы райондук бөлүмү союз убагында курулган, эскилиги жетип, пайдалануу кооптуу болуп калган имаратта иштеп келген.

УКМКнын кызматкерлери үчүн жаңы имараттар

2021-жылдын сентябрынан тарта УКМКнын аймактагы башкармалыктарына жаңы имараттар курулуп, пайдаланууга берилип жатат. Бирок курулуштар кайсы каражатка жүргүзүлүп жатканы ачыкталбай келет.

Жакында эле, 7-июнда УКМКнын башчысы Талас облусунун Манас районунда атайын кызматтын жаңы имаратын ачкан. Ошол эле күнү Ташиев Талас шаарындагы УКМКнын жаңы имаратынын курулушуна дагы капсула салганы белгиленген.

Өткөн жылдын ноябрына карата Ташиев УКМК үчүн жети жаңы имараттын ачылышына катышкан. 2022-жылдын 3-мартында Бишкекте УКМКнын академиясы курулуп баштаган.

Материалдын автору: Лев Потапов.