Камчыбек Ташиев: Президент менен өтө жакшы мамиледебиз

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев «Новые лица» басылмасына курган маегинде президент Садыр Жапаров менен мамилеси өтө жакшы экенин билдирди.

Ташиевдин айтымында, алардын ортосунда уруш-талаштар болуп, тандемдин «ыркы кетти» деген маалыматтар — ушак.

«Башкы кол башчы, ураматтуу президентибиз Садыр Жапаров менен мамилебиз өтө жакшы. Ошол бойдон кала берет. Анткени анын да, менин да андай кызыкчылыгым жок — бул жерде кыргыз элинин, өлкөнүн кызыкчылыгы турат. Ошондуктан мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан өйдө турат», — деп билдирди Ташиев.

УКМКнын башчысы эч качан президенттин жолун кыя баспасын белгиледи. Айтымында, Жапаров ага карата да, өлкөгө карата да өзү каалагандай чечимди чыгара алат.

«Мамилебиз өтө жакшы. Бул мамилелер саясаттан кийин да сакталып калат деп ишенимдүү айта алам. Бул саясат дагы бүтөт. Муну жакшы түшүнүп турабыз. Биз, токтоо адамдар катары мунун баары бир күнү бүтөрүн эң жакшы түшүнүп турабыз. Баарынын өз убактысы бар. Ал дагы президенттиктен, мен дагы бул кызматтан кетебиз. Мамилелерибиз өтө жакшы бойдон кала берет», — деп жыйынтыктады сөзүн Ташиев.

Бийликтин жогорку бутагындагы чырдашуу тууралуу кезектеги сөздөр саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалып, андан ары башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан убактылуу четтилген шартта айтыла баштаган. Бейшеналиев да, Зулушев да президент Садыр Жапаров дайындаган чиновниктер.

Бейшеналиевди Зулушев башында турган Башкы прокуратура жана Ташиев жетектеген УКМК кармаган. Ага жети кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй эле Зулушев башкы прокурорлуктан убактылуу четтетилген. Анткен менен баш мыйзамга ылайык, президент парламенттин макулдугун албай туруп башкы прокурорду отставкага кетире албайт.

Ал эми Зулушев өзү кызматынан убактылуу четтетилгенине «президенттин буйругу талкууга жатпайт», ал аткарылууга тийиш деп билдирген.

Ал эми Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Курманкул Зулушевдин тергөө маалында башкы прокурордук кызматтан убактылуу четтетилиши Конституцияга каршы келбейт деген. Анын айтымында, башкы прокурор кызматынан биротоло алынбагандыктан, буга Жогорку Кеңештин макулдугу талап да кылынбайт.