Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандарга кеңеш берүү үчүн телеграм-ботту ишке киргизди

Telegram мессенжеринде Орусиядагы кыргызстандыктарга кеп-кеңеш берүү үчүн чат-бот иштей баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Чат-бот кыргыз жана орус тилдеринде кеңеш берет.

Ал төмөнкү суроолор боюнча маалымат берет:

• Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн дареги жана иш тартиби;

• Кыргызстандын паспортун берүүнүн тартиби;

• Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруунун тартиби;

• Кыргызстанга кайтып келүү үчүн күбөлүк алуунун тартиби;

• консулдук маселелер боюнча алдын ала жазылуу тартиби жана башка сурроолор боюнча;Муну менен бирге элчилик консулдук-укуктук маселелер боюнча маалымат берүү үчүн Телеграм канал ачты.

Материалдын автору: Жаркынай Жээналиева