Майыптыгы бар адамдар Садыр Жапаровдон турак жай маселесин чечип берүүнү суранышты

Өкмөт үйүнүн алдына 15-июнда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кайрадан митингге чыгышты. Алар мурдагыдай эле президенттен турак жай маселесин чечип берүүнү талап кылышууда.

Сүрөт: Жоомарт Дуулатов/ “Клооп”.

«Биздин талаптарыбыз өзгөргөн жок. Садыр Жапаров чыгып турак жай көйгөйүбүздү чечип берүүсүн талап кылабыз», — деп билдирди митингчилердин бири «Клооптун» кабарчысына.

Чогулгандар аларга президент чыгып жолукмайын митингге күн сайын чыга беришерин айтышты.

Буга чейин, 13-июнда дагы майыптыгы бар адамдардын митинги өткөн. Анда дагы чогулгандар президенттен турак жай маселесин чечип берүүнү талап кылышкан.

Кийин митингчилерге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чыгып жолуккан. Анын айтымында, учурда бийлик муктаждарды системдик түрдө турак жай менен камсыздоо максатын коюп жатат.

«Бул эң негизги артыкчылыктуу багыттардын бири. Бирок, маселе бир гана мыйзамдар менен саясий эркте эмес, мамлекетте каражаттын болушу да маанилүү. Ошондуктан салыктар менен төлөмдөрдү толук түрдө чогултуп алуу маанилүү. Бул каражат элге, медицинага, билим берүүгө, социалдык керектөөлөргө, анын ичинде, турак жай менен камсыздоого багытталат», — деп айткан Байсалов.

Тема боюнча окуңуз: Кайсынысы жаман — пандуспу же анын жоктугубу? Бишкек адамдарга ылайыкташпаган шаар бойдон калууда

Материалдын автору: Айдана Сулпуева.