Парламент комитети Орусиянын Чек ара кызматына эки имаратты сатууга макулдугун берди

13-июнда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Бишкектеги эки имаратты Орусиянын Федералдык чек ара кызматына сатуу маселеси талкууланды. Жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы, экс-депутат Мирлан Бакиров маалымат берди.

Анын айтымында, 1999-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда чек ара маселелери боюнча кызматташуу тууралуу келишим түзүлгөн. Бирок эми, Бакировдун айтымында, тараптар турак имараттарына байланыштуу кошумча тиркеме түзүүнү пландашууда.

Бакиров 2013-жылы Орусиянын федералдык чек ара кызматына Новопокровкагы аскер бөлүгүнөн имараттар берилгенин, алар учурда жараксыз экенин кошумалады. Андыктан, Бакировдун айтымында, Орусиянын Федералдык чек ара кызматы (ФЧК) Бишкектин Жибек-Жолу проспектисинин жана Керимбеков көчөсүнүн кесилишинде өз эсебинен ижарага имарат алган.

«Ушул имаратты сатып алуу боюнча бир топ жолу маселе коюлган. Сүйлөшүүлөр жүрүп отуруп, ФЧК комиссиялык жыйынга катышкан. Бүгүнкү күнү ошол имараттарды Орусиянын кызматы жеке жактардан сатып алып, чек ара кызматкерлерине берүү максатында мамлекет ал жерди алып, Орусия тарапка 49 жылга ижарага берет. Бүгүнкү күнү жеке тарап менен сүйлөшүүлөр бүттү», — деп түшүндүрдү мүлк фондунун башчысы.

Бакиров объектилер жайгашкан тилкелер жеке менчикте экенин, аянты 25 сотик экенин белгиледи.

Жыйындын аягында комитет келишимге кол коюуга макулдугун берди.

Аталган келишимге ылайык, Кыргызстан Орусиянын Федералдык чек ара кызматынын ыкчам тобун казармалык, кызматтык жана турак орун жайлары менен камсыздоого жана аларды тейлөө чыгымдарын каржылоого милдеттүү. Бул келишим 2000-жылдын 25-июлунда мыйзам менен ратификацияланган.

Материалдын автору: Медина Сейитказиева.