Равшан Жээнбековго Казакпаевдин өлүмү боюнча УКМКны сынга алганы үчүн эскертүү берилди

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 14-июнда УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал Фейсбук барагында билдирди.

Сурактан кийин саясатчы УКМК ага расмий түрдө эскертүү бергенин айтты.

«Эгер мындан ары да калп айтсаң кылмыш ишин козгойбуз деп айтышты. Мен буга чейин айткандарымдын баарын жазып, тастыктадым. Марат Казакпаевдин [саясат талдоочунун] өлүмү боюнча УКМКнын карамагында көз карандысыз комиссия түзүлүшүн талап кылдым», — деп айтты саясатчы сурактан кийин.

Равшан Жээнбековдун барагынан скриншот.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Новые лица» басылмасына маек куруп, саясатчы Жээнбековдун айткандары «Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо» беренесине туура келерин айткан.

Ташиев кызматкерлерине Жээнбековду УКМКга алып келүүнү тапшырганын, ага «жалган маалымат таратпоо керектиги тууралуу расмий эскертүү берилерин» кошумчалаган.

Буга чейин Жээнбеков УКМКны сындап, саясат талдоочу Марат Казакпаев УКМК тергөөнү создуктурганы үчүн каза болду деп билдирген. Ага чейин саясат талдоочу мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип УКМКнын ТИЗОсунда кармалып турган эле.

Жээнбеков Ташиевдин интервьюсуна реакция кылып, азыркы бийликтен коркпосун билдирген.

«Мен бул режимден коркпойм, мен УКМКдан коркпойм, анан калса Камчыдан [Камчыбек Ташиев] да коркпойм. Сен абдан күчтүү болуп турасың. Сенде акча, байлык, бийлик бар. Эгер чакырсаңар — келем, камасаңар — отурам. Азырынча сени менен атаандаша албайм, өтө күчтүү болуп турасың. Менде сөздөн жана саясий позициямдан башка эч нерсем жок. Мен баш ийип гана бере алам», — деген саясатчы.