Садыр Жапаров 22,5 миң орундуу стадион куруларын айтты. Мындай убаданы Сооронбай Жээнбеков да берген

 Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы жана президент Садыр Жапаров Сүрөт: Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын августунда Бишкекте 22,5 миң адам батарлык заманбап жаңы стадиондун курулушу баштала турганын билдирди.

Өлкө башчы жаңы стадион эл аралык деңгээлдеги ири иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүн болгон көп функциялуу спорттук арена боло турганын белгиледи.

Мындай убаданы президент Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курамаларынын Азия кубогунун алкагында өткөн оюнда берди. Матч тең чыгуу менен аяктады. Эки команда тең 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогунда ойнойт.

Ал эми улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана команданын капитаны Валерий Кичин «акыркы жылдары мамлекет тарабынан футболду жана жалпы эле өлкөдө спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилешти» деп айтылат президенттин сайтында.

Жапаров стадион курулат деп ишендирген биринчи президент эмес. Буга чейин 2019-жылы экс-президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке жаңы спорт сарайы жана эки стадион салына турганын билдирген болчу. Ал үчүн Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө 30 гектар жер бар экенин да айткан.

Себеби 2018-жылы Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы өлкө тарыхында биринчи жолу Азия кубогу-2019га жолдомо алган.

Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча улуттук курамаларынын 11-июндагы беттеши учурунда күйөрмандар президент Садыр Жапаровдон жаңы стадион керек деп ураан чакырышкан.

Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлерине «ураан» жага бербей, күйөрмандардан тынчтанууну талап кылышкан. Милициянын пикиринде, «стадиондо андайды талап кылганга болбойт».

Оюндан кийин кыргыз улуттук курамасынын жигердүү күйөрманы болгон түрк жараны Али Салих милицияга сурак бергени маалым болду. Буга башка көрармандар менен бирге стадион куруу зарылдыгын айтканы себеп болгон.