Аксыда тургундун үйүнөн 6 кгдан ашуун баңгизат жана ок атуучу куралдар табылды

Кылмышка шектүү. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун тургунунун үйүнөн баңгизат жана мыйзамсыз ок атуучу куралдар табылды. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБдин маалымат катчысы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, Ала-Букада уурулук фактысы орун алып, ага Аксынын Ак-Жол айылынын 54 жаштагы тургуну шектелген.

Шектүүнүн дареги боюнча тинтүү жүргүзүү учурунда үйүнүн кампасынан бир канча баштык, ак түстөгү майда унга окшогон зат, ошондой эле мыйзамсыз сакталып турган сайлуу ок атуучу курал, ок-дарылар жана 135 миң сом акча табылган.

Тинтүү учурунда шектүү үйүнөн качып кетүүгө үлгүргөн. Бирок ал жашынып жүргөн жеринен кармалып, тергөөгө жеткирилген.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусунда 6 килограммдан ашуун зат марихуана экендиги аныкталган.

Экспертизалдардын корутундуларына ылайык шектүүгө «Наркотикалык заттарды мыйзамсыз сактоо», «Курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо» жана «Уурулук» беренелеринин негизинде үч кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн баш коргоо чарасы Ала-Бука райондук сотунда каралып, 2 айга камакка алуу түрү тандалган.