Будапештте кыргыз скульптору Тамила Маматованын көргөзмөсү өтүп жатат

15-июнда Будапеште маданияттын отличниги, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, скульптор Тамила Маматованын скульптураларынын көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тышкы иштер министрлигинен көргөзмө Кыргызстан жана Венгриянын ортосунадагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 30-жылдыгына арналаганын белгилешти.

«Көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземине скульптуралардын автору, Венгриянын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, дипломатиялык корпус жана бизнес чөйрөсү катышты», — деп кошумчалашты ТИМден.

Министрликтен Маматованын эмгектери кыргыз элинин маданиятын жана салтын чагылдырарын билдиришти. Көргөзмө 17-июнга чейин болот.

Тамила Маматова — дипломдук иши менен белгилүү болгон скульптор айым. Ал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасаган. Кийин ал актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын, жазуучу Мухтар Ауэзовдун жана башка Кыргызстандын жана Казакстандын маданий ишмерлеринин бюстун жасаган.