Айкелчи Тамила Маматова жасаган Таттыбүбүнүн айкели кыргыз драма театрына коюлат

Айкелчи Тамила Маматованын колунан жаралган Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын фойесине коюлат. Бул тууралуу 17-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басам сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Маданият министрлиги менен Маматованын ортосунда укуктук документтер даярдалып жатат.

Министрликтен Таттыбүбү Турсунбаеванын бюстун театрга коюуну Театр ишмерлери союзунун төрагасы Жаныш Кулманбетов сунуштап, министр Азамат Жаманкулов колдогонун белгилешти.

Тамила Маматова «Клоопко» маек куруп, Таттыбүбү Турсунбаеванын айкелин төрт айдан ашык убакытта жасап бүткөнүн айтты. Ал ылайдан жасалган айкел материалга (полимерге) которуларын билдирди.


«Бул эмгек менин актрисага болгон урматым жана сулуулугуна суктанган сүйүүмдөн улам жасалды. Ар бир эмгекти эл баалайт экен. Менин жасалган иштерим же ар бир чыгармачыл кишинин эмгеги эл үчүн деп ойлойм», — деп билдирди Маматова.

Маматова белгилүү актрисанын бюсту анын келечектеги коллекциясынын бири экенин кошумчалады. Ал кыргыз киносундагы башка да көрүнүктүү инсандарынын айкелин жасоону пландоодо — долбоор дагы эки-үч жылга созулат.

Тамила Маматова — дипломдук иши менен белгилүү болгон скульптор айым. Ал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасаган.

Тамила Мамтова.

Айтматовдун айкелинин сүрөтү социалдык тармактарга тарагандан кийин, ал тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан. Маматова Айтматовдун эстелиги колодон куюлуп, Бишкек шаарына орнотулса деп кыялданат.