«Жеке маалыматтарды мыйзамсыз пайдаланышкан». Ош ШИИБдин кызматкерлерине 9 кылмыш иши ачылды

Сүрөт: Башкы прокуратура

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине иш кагаздарын жасагандыгы үчүн тогуз кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Клоопко» Башкы прокуратура маалымдады.

Мекеменин маалыматына ылайык, Ош шаардык прокуратура Ош ШИИБди текшерүүгө алганда жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен кылмыш иштерди бурмалоо боюнча бир нече фактылар аныкталган.

Анда милиция кызматкерлери уурулукка айыпталгандарды көндүрүп, мурда бети ачылбаган кылмыш иштерди алардын моюнуна илип, андан соң жабырлануучулардын айыптоону колдоодон баш тартканы жөнүндө жасалма билдирүүлөрүнүн негизинде ишти токтотушкан.

Башкы прокуратура муну Ош ШИИБи кылмыштардын бетин ачуунун санын көбөйтүү максатында жасашкан деп белгилейт.

Бул фактылар боюнча «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча Ош ШИИБнин кызмат адамдарына карата тогуз кылмыш иши козголуп, Ош шаардык прокуратура тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.