Лифтке кыпчылып каза тапкан адамдын үй-бүлөсүнө 310 миң сом кенемте төлөндү

Байыл январь айында Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кырсык болгон. Анда лифтке кыпчылып калып бир адам каза тапкан.

Окуядан кийин калаа мэриясы лифтти экспертизадан өткөрүү жана кырсыкты текшерүү үчүн комиссия түзгөн.

17-июнда Бишкек шаардык кеңештин жыйынында милициянын тергөө амалдары бүтө элек болгондуктан лифтке дагы деле мөөр басылып турганы белгилүү болду. Бул тууралуу «Бишкеклифт» ишканасынын башкы инженери Эрик Эшимбеков билдирди.

Шаардык кеңештин депутаты Казыбек Эргешов комиссиянын текшерүүсүнөн кийин кырсыкка байланыштуу кимдир бирөө жоопко тартылганбы-жокпу деп сурады. Эшимбеков эч ким жоопкерчиликке тартылбаганын, себеби лифт ишке жарактуу болгон деп жооп берди.

«Комиссия лифтти экспертизадан өткөрдү. Экспертиза лифт колдонууга жарактуу экенин аныктады. Кимдир бирөөнү жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес болуп турат», — деди ал.

Эргешов нааразылыгын билдирип, мындай окуяларга көз жумбаш керектигин айтты.

«Бишкеклифт» ишканасынын башкы инженери маркумдун үй-бүлөсүнө кенемте катары 310 миң сом төлөнүп берилгенин кошумчалады.