«Атазов мандатыңды тапшыр». Бишкекте аялдардын укугун коргоого арналган митинг өттү

15-июнда Бишкекте аялдардын укугун коргоого арналган тынчтык митинги өттү. Активисттер депутат Шайлообек Атазовдун 18-20 жаштагы кыздарды ата-энеси же күйөөсү менен гана өлкөдөн чыгаруу тууралуу сунушуна каршы чыгышты.

Ак үйдүн алдына чогулган ондогон активист Атазовдон мандатын тапшыруусун талап кылып, «Эркин айым — өнүккөн өлкө», «Атазов кыздардын укугунан колуңду тарт», «Атазов мандатыңды тапшыр», «Өнүгүп жаткан Кыргызстандын аялдарына эркиндик» деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

«Конституцияда Кыргызстанда аялдар менен эркектер бирдей эркиндиктер менен укуктарга, аларды ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрө ээ деп жазылган. [...] Атазов ар бир адам эркин жүрүүгө жана жашаган жерин тандап алууга укуктуу деген норманы чектеп жаткандыктан тынчсызданып жатабыз», — деп жазылат резолюцияда.

Митингдин катышуучулары аялдардын укугун жана эркиндигин чектөө өлкөнүн келечегине коркунуч жаратуу менен барабар экенин баса белгилешти.

«Аялдардын укугун жана эркиндигин чектеп салуу аялдардын бейпилдигин түп тамыры менен талкалап, алардын билим алышына, иштөөсүнө, чыгармачылык кылуусуна жана илимий ачылыштарды жасашына чектөө киргизип, үй-бүлөсүн багуусуна бөгөт болуп, өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет», — деп билдиришти активисттер.

Атазов эмне дейт?

Шайлообек Атазов. Сүрөт: Александра Титова / kloop

Митингдин катышуучуларына депутат Шайлообек Атазов жана эл өкүлдөрү Айбек Осмонов, Марлен Маматалиев чыкты. Атазов чогулгандарга «чагымчылдык кылуу үчүн келдиңерби» деп суроо узатып, кыздардын укугун «мамлекет коргосун» деп демилгелей турганын айтты.

«Кыргыздардын кыздарынын, балдарынын укугу корголушу керек. Орусия Федерациясынан “урматтуу депутаттар метродо, түнкү клубда, башка жерде адамдын укугу тебеленип жатат” деп жазып жатат. Эми ошол тебеленген укукту, мен депутат катары алардын айтканын жеткиришим керек. Бүгүнкү күндө Орусияда же башка өлкөлөрдө 18 жаштагы кыздарыбыз кордолуп калып жатат. Алардын укуктарын коргойлу. Мен мамлекет коргосун деп айтып жатам. Кыздарды коргоо менен улутту коргой алабыз», — деп белгиледи ал.

Бирок ал сүйлөп жатканда катышуучулар «Атазов мандатыңды тапшыр», «Атазов кетсин» деп кыйкырып жатышты.

Ал арада акцияга элечек кийген бир нече аял келип кошулду. Алар Атазовдун сунушун колдой турушканын айтып, депутатка болушушту. Аялдардын арасында Ыргалай Бекмуратова да жүрдү. Бекмуратова аялдар укуктарына арналган буга чейинки акцияларда дагы «чагымчылдык кылууга аракет жасаган».

Митингге келген аялдар. Сүрөт: Александра Титова / kloop

Ал эми Атазовду коштоп чыккан эркектер кыздардын колундагы плакаттарын жулуп алып айрып салышкан.

Бүгүн Атазовдун демилгесине каршы экинчи митинг өттү. 10-июнда үч активист кыз Атазовдун кыздарды чектөө сунушуна каршы пикетке чыгып, андан мандатын тапшырууну талап кылышкан.

Атазовдун чуулгандуу демилгеси

Атазов 18-20 жаштагы кыздарды өлкөдөн чыгарууга тыюу салуу боюнча чуулгандуу демилгесин Жогорку Кеңештин 9-июнундагы жыйынында демилгелеген.

«Мигранттарыбызда аябай маселе көп. 18-20 жаштагы кыздарыбызды чет өлкөгө ата-энелери менен чыгарсак, турмушка чыккандан кийин чыкса, же болбосо ушул багытта миграция тармагы бизге атайын комитетке келип маалыматтарды берсе. Бул боюнча мыйзамдарды дагы карасак», — деген Атазов.

Бирок Конституцияда Кыргызстандын жараны республиканын чегинен тышкары эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу экени, өлкөдөн чыгуу укугун чектөөгө мыйзамдын негизинде гана жол берилет деп жазылган.

Шайлообек Атазов Жогорку Кеңешке шайлоодо Оштогу Төлөйкөн бир мандаттуу округунан талапкерлигин койгон. Бирок парламентке өтпөй калгандыктан, кийин Бишкектин Свердлов округунан талапкер болуп кайрадан экинчи орунду алган.

Кийин биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев добуш сатып алууга айыпталып, БШК анын каттоосун жокко чыгарган. Ошентип Атазовго мандат тийген.

БШКнын маалыматына ылайык, шайлоочулар бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттарды чакыртып ала албайт. Мекемеден «Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамда жана регламентте тийиштүү норма жоктуган айтышкан.

Тема боюнча:

Бир кадр менен: Активисттер Атазовдон мандатын тапшыруусун талап кылышты