Бир кадр менен: Активисттер Атазовдон мандатын тапшыруусун талап кылышты

Үч активист кыз депутат Шайлообек Атазовдун 18-20 жаштагы кыздарды бир гана ата-энесинин коштоосунда же турмушка чыккандан кийин гана өлкөдөн чыгууга уруксат берүү тууралуу демилгесине каршы митингге чыгышты. Нааразычылык акциясынан сүрөттөрдү активист Умай Арыкова Твиттер барагына жарыялады.

Кыздар пикетке «Атазов, мандатыңды тапшыр», «Атазов ПНХ!», «Атазов менин районумду уят кылба» деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Арыкова өзү колуна сары түстөгү плакат менен чыккан, айтымында, бул депутатка карата «биринчи эскертүү».

Активист кыздардын пикети: Сүрөт: Умай Арыкова.

Буга чейин БШКдан шайлоочулар бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттарды чакыртып алууга болбойт дешкен. Мекемеден «Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамда жана регламентте тийиштүү норма жоктуган айтышкан.

«Депутатты чакыртып алуу тууралуу жобо бир гана Конституцияда бар. Бирок анын жүзөгө ашыруу үчүн процедура жазылган ченемдик-укуктук акт керек. Ал жерде процедурасы жазылууга тийиш. Азыр ал иштелип жатат. Алар даяр болуп, кабыл алынгыча шайлоочулардын демилгеси менен кол топтоо аркылуу мандатты чакыртып алуу процессин баштоо мүмкүн эмес», — деп билдирген БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов 24.kg басылмасына курган маегинде.

Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкектин Свердлов райондук округунан шайланган.

Атазов 18-20 жаштагы кыздарды өлкөдөн чыгарууга тыюу салуу боюнча чуулгандуу демилгесин Жогорку Кеңештин 9-июнундагы жыйынында демилгелеген.

«Мигранттарыбызда аябай маселе көп. 18-20 жаштагы кыздарыбызды чет өлкөгө ата-энелери менен чыгарсак, турмушка чыккандан кийин чыкса, же болбосо ушул багытта миграция тармагы бизге атайын комитетке келип маалыматтарды берсе. Бул боюнча мыйзамдарды дагы карасак», — деген Атазов.

Бирок колдонуудагы Конституцияда Кыргызстандын жараны республиканын чегинен тышкары эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу экени, өлкөдөн чыгуу укугун чектөөгө мыйзамдын негизинде гана жол берилет деп жазылган.