Аскер прокуратурасы «Айыл Банктын» башчысынын мурдагы орун басарынын өлүмүн териштирип баштады

Аскер прокуратурасы 18-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ТИЗОсунда асынган абалда табылган «Айыл Банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүнүн себептерин териштире баштады.

Аскер прокуратурасынан УКМКнын ТИЗОсундагы видео-байкоого тартылган маалыматтар алынып, кызматкерлер суралып жатканын белгилешти. Аны менен катар, маркумдун өлүмүн териштирүү үчүн соттук-медициналык экспертизасы дайындалганын кошумчалашты.

Башкы прокуратура екшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип юридикалык баа берилет деп ишендирди.

18-июнда УКМКнын ТИЗОсунда «Айыл Банк» ААКнун кредиттик тескөө бөлүмүнүн башчысынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынган абалда табылган. Ал 2022-жылдын 30-апрелинен баштап, «Коррупция» беренеси менн козголгон кылмыш иши боюнча ТИЗОдо камакта болчу.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ТИЗОнун кызматкерлери жана камерада бирге отургандар ага биринчи жардам көрсөтүп, медиктерди чакырган. Бирок ал тез жардам келгенге чейин каза болуп калгандыктан, жерине келген дарыгерлер өлүмдү катташкан.

УКМКдан Асанбаев дагы үч айыпталуучу менен бирге сан-блокто кармалганын белгилешти. Алар эки камерада эки адамдан кармалган.

«Ошол эле учурда жунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон, бирок камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. А.Б.Р. өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан, алар дагы А.Б.Р. өз өмүрүнө кол салуу аракетин өз убагында алдын ала алышкан эмес», — деп белгилешкен комитеттен.

Атайын кызматтан маркум тергөө изоляторуна киргизилгени ден соолугуна, кармоо шарттары тууралуу даттанган эмес деп айтышты. Ошондой эле, УКМКдан айыпталуучунун жактоочусу ага ээн-эркин кирип турганын, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилгенин белгилешкен

Айрым ЖМКнын маалыматына ылайык, Асанбаев биринчи күнү абактан бошотулмак.