Ош аэропортунда 200 жүргүнчүсү бар учак авариялык конууга аргасыз болду

Aero Nomad авиакомпаниясынын учагы 18-июнда Ош эл аралык аэропортуна авариялык конуу жасады. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришити.

Маалыматка ылайык, учак «Ош — Дели» багыты боюнча учуп бараткан. Бирок техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам 17 жолу асманда айланууга мажбур болуп, пилоттор кайра аэропортко келип конууну чечишкен.

Ош ОИИБнен учакта 200 жүргүнчү баратканын, эч кимиси жабыркабаганын белгилешти. Учак аэропортко кайра келип конгон соң техникалык мүчүлүштүк оңдолгон.

Милицияныны маалыматына ылайык, азыркы убакта учак Дели шаарына барып конгон.