Байсалов: Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтеген комиссия президентке гана отчёт берет

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишинин жагдайларын иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия корутундусун ЖМКга жарыялабайт. Бул тууралуу минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго таянып 24.kg маалымат агенттиги жазды.

Байсалов бул комиссия президент Садыр Жапаровго маалымат жеткирип туруу үчүн түзүлгөнүн белгиледи.

«Комиссия өлкө башчысы үчүн иштеп жатат. Ал коомчулуктун оюу, тергөө же соттун кызыкчылыгы үчүн иштебейт. Алар өлкө башчысы чечим кабыл алуусу үчүн зарыл болгон маалыматтарды топтойт. Мамлекет башчы кабыл алган чечимдери эмнеге негизделгенин айтууга милдеттүү эмес. Ошондуктан комиссиянын иши боюнча жыйынтык ачык айтылат деп күтпөгүлө», — деди Байсалов.

Ал мындай комиссия түзүү Башкы прокуратуранын үстүнөн тергөө жүргүзүү катары каралбашы керек деп кошумчалады.

16-июнда президенттин администрациясы 3-июнда түзүлгөн комиссия өз ишин жыйынтыктаганын билдиришкен. Бирок ачыкталган эмес. Ага чейин комиссиянын корутундусунан кийин, президент Садыр Жапаров Бейшеналиевге карата чечим кабыл алары айтылган.

Башкы прокуратуранын кызматкерлери Алымкадыр Бейшеналиевди 2-июнда кармап, жети кылмыш ишин козгогон.

Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышы. Сүрөт: Башкы прокуратура.

Көзөмөл органын малыматына ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз келишим түзүү» беренелери боюнча козголгон.

4-июнда президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди тергөө маалында убактылуу кызматынан четтеткен жана Жаркынбек Касымбековду саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевди үй камагына чыгарган. Ага чейин, УКМКнын ТИЗОсунда жаткан министр ден соолугу солгундаганын айтып даттанган.