Ош шаарындагы Damak кафесинен ири өрт чыкты

Ош шаарынын чок ортосунда жайгашкан Араван кичи районундага Damak кафесинен ири өрт чыкты.

20-июнь күнү саат 11:50 чамасында катталган өрт саат 12:39да чектелип, толугу менен 13:39да жоюлган.

Өрттөн жабыркагандар катталган жок.

Өрт алдын ала өрттүк иликтөөлөрдө ылайык, Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө №256 даректе жайгашкан эки кабат имараттын чатырынан чыккан.

Ошондой эле Курманжан Датка көчөсүндө №256А дарегинде жайгашкан жеке Дайн кафесинин чатыры, үчүнчү кабатындагы бөлмөсүнүн шыбы күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө башкармалыктан 4 автоцистерна иштеп, 26 тонна суу керектелди. Өрт болгон жердин жалпы аянты 300 чарчы метрди түзгөн.

Мекеменин маалыматына ылайык, учурда тийешелүү кызматтар тарабынан өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.