Өзбекстанда адам өлтүрүүгө шектелген киши Кыргызстандын аймагында кармалды

Кыргызстанда өз мекенинде киши өлтүрүүгө шектелген өзбекстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Министрликтин маалыматына ылайык, Өзбекстандын ИИМи Кыргызстандын ички иштер органдарына кайрылган. Коңшу өлкөнүн министрлиги 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн киши Кыргызстанда жашырынган болушу мүмкүн деп билдирген. Ал «Сот белгилеген жазадан качуу», «Каракчылык», «Адам өлтүрүү» беренелерине шектелип жатат.

ИИМдин басма сөз кызматынан издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалганын кабарлашты. Учурда аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мекенине экстрадациялоо каралып жатат.

Апрель айында да Бишкекте киши өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелип дагы бир чет өлкөлүк кармалган. Шектүү Түркиянын жараны экени айтылган.