Ош шаары: «Улуу Жибек жолунун кербени» инсталляцияcын орнотууга казынадан 1,5 млн сом жумшалды

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаарындагы «Улуу Жибек жолунун кербени» инсталляциясын курулушуна калаа казынасынан 1 млн 560 миң сом жумшалды. Бул тууралуу «Клоопко» көрктөндүрүү комбинатынын жетекчиси Жалил Осмонов билдирди.

Инсталляцияда 19 төө, кербенчи, тайгандар жана жылкылардан турган кербен бар. Ал Улуу Жибек Жолунун брендин жайылтуу боюнча шаардык программага ылайык Ош улуттук драма театрынын жанындагы аянтчага коюлду.

Осмоновдун маалыматына ылайык, инсталляцияны куруу үчүн тендер өткөрүлгөн. Ага жалгыз жеке ишкер Турар Нурматов катышып, жеңүүчү деп табылган.

«Шаардык кеңештин депутаттары колдоп, бекитип бергенден кийин, өзүбүздүн бюджетибизге киргиздик. Тендер 2 айга узак мөөнөткө жарыяланды. Жыйынтыгында тендердеги талаптар ал жигитке туура келгендиктен жеңип алды. Турар буга чейин мэрия уюштурган тендерлерден утуп, алар менен тыгыз иш алып барып жүрөт» — дейт Осмонов.

Ошондой эле ал буга чейин Турар Нурматовдун жасаган иштерин көрүп, андан кийин ишти тапшырганын кошумчалады.

«Эгер инсталляция бузула турган болсо жоопкерчилик жеке ишкер тарабында болот. Бирок сапаттуу курулду деп ишенимдүү айта алам. Күндүн табынан анын боёктору өчүшү мүмкүн. Биздин ишкана сырдап турабыз» — деди Жалил Осмонов.

Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты Мамлекеттик сатып алуу боюнча расмий порталына инсталляция орнотуу боюнча 1 млн 600 миңден ашуун сомго тендер жарыялаган. Конкруска жеке ишкер Турар Нурматов жалгыз катышып, утуп чыккан.

Буга чейин Ош шаары өзүнүн туристтик брендин иштеп чыккан. Туристтик логотип үчүн конкурс жарыяланып, ага 70тен ашык эмгек келип түшкөн. Анда атайын комиссия тарабынан россиялык Михаил Чулиндин логотиби жактырылган. Брендде Улуу Жибек Жолун чагылдырган кербен, Оштун символу болгон Сулайман-Тоо, жарым ай жана жылдыз камтылган.