УКМК соцтүйүндө бийликке сын айткан активистти суракка чакырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргызстандык Бакмурат Токтогуловду соцтүйүндөгү публикациялары үчүн суракка чакырды. Бул тууралуу активист Адилет Балтабай Фейсбук барагына жазып чыкты.

Балтабайдын айтымында, суракка чакырууга ал соцтүйүндөргө бийликке карата сын жазганы себеп болгон.

Активист Токтогулов УКМКнын кызматкерлери ага эскертүү берип, билдирүүлөрдө улуттар аралык кастыкты козутуунун элементтери камтыбашы керектигин айтышканын белгиледи. Ошол эле учурда, атайын кызмат анын постторунан эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес.

Активист суракта комитеттин кызматкерлери тарабынан басым болбогонун, дээрлик эки саатка созулганын белгиледи.

«Юридикалык жол менен айта кетсем, ал жерде мыйзам бузуу жок. Ар бир адам Конституция боюнча өзүнүн оюн айтканга укуктуу. Ар бир постту мен дагы ойлонуп жазам да», — деди ал.

Өткөн жылы декабрда Жарандык коомдун глобалдык CIVICUS альянсы дүйнөдөгү жарандык коомдордун абалы тууралуу 2021-жылга карата баяндамасын жарыялаган.

Баяндаманын бир бөлүгү Европа жана Борбор Азиядагы өлкөлөргө арналган. Документте Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү жарандык коом үчүн ансыз да чектелүү мейкиндикти куугунтуктоо, журналисттер менен укук коргоочуларды коркутуп-үркүтүү тактикасы аркылуу ого бетер чектөө кылганды улантып жатканы айтылган.

Дагы окуңуз: Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитети Дүйшөнбиевди бошотууну талап кылды

Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат

CIVICUS: Кыргызстанда жаңы президенттин тушунда авторитардык башкаруу күчөдү

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?