«Ошэлектр» ачык акционердик коомуна жаңы жетекчи дайындалды

«Ошэлектр» ачык акционердик коомунун башкы директору болуп Данияр Мырзабаев дайындалды. Бул чечимди директорлор кеңеши кабыл алды.

Мырзабаев буга чейин «Түндүк электр» ачык акционердик коомунда техникалык маселелер боюнча жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

«Ошэлектрди» Медетбек Жумаев жетектеп келген. Ал «Улуттук электр тармактар» ААКнын жетекчиси болуп дайындалды.

«Ошэлектрге» байланыштуу иштер

2021-жылдын башында ошол кездеги Каржы полициясы «Ошэлектр» АККнын мурдагы директору Дыйканбай Даминовду ишкерден акча опузалоого шектеп кармаган болчу. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Даминовдун үстүнөн жеке ишкер арызданган.

Ишкердин айтымында, ал жетектеген компания «Ошэлектро» ишканасынан аткарган иштери үчүн 6 млн сом төлөп берүүнү өтүнгөн. Буга ишкананы жетектеп турган Даминов бир миллион сом «откат» бересиң деп талап кылган.

Анда финполдон акча каражаты Даминовдун эсебине которулганын белгилешкен. Көп өтпөй Даминов Бишкек ШИИБдин изоляторуна киргизилген болчу. Андан ары иштин эмне болгону тууралуу маалымат жок.

Ал эми 2021-жылдын 19-январында «Ошэлектр» ишканасы мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталган.

Маалыматка ылайык, аталган ишкананын жооптуу кишилери Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпай туруп, ишкананын мурдагы административдик имаратын жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго сатып жиберишкен.

Имараттын жалпы аянты 619,66 чарчы метрди түзүп, 1665,0 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан болчу. Финполиция маалымдагандай, жер сатуу учурундагы мындай участоктун орточо базар баасы — 1 сотых жер үчүн болжол менен 30 миң АКШ долларын түзгөн.

Натыйжада мамлекетке 30 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени айтылган.