Атамбаев: Казакпаевдин окуясы бийликке жакпаган адамдардан кутулуунун ыкмасына айланышы мүмкүн

Ушул тапта колонияда кармалып турган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Новые лица» басылмасына маек курду. Атамбаев УКМКнын ТИЗОсундагы саясат талдоочу Марат Казакпаев жана «Айыл банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбевдин өлүмүнө комментарий берди.

Алмазбек Атамбаев интервью берип жаткан учур. Сүрөт: «Новые лица» басылмасы.

Атамбаев Казакпаевдин өлүмүнө «анын ден соолугу начарлаганына карабай бир жылдан ашык камакта кармаган тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор» күнөөлүү деп эсептейт.

«Эгер азыр аларды жоопкерчиликке тартпаса, коомчулукта бийлик ушундай буйрук берген деген пикир бышыкталат», — дейт ал ишенимдүү түрдө.

Мурдагы президенттин пикиринде, соттор менен прокурорлор учурда Фарид Ниязовго дал ушундай мамиле кылууда. Атамбаев бийлик Ниязовду да өлүмгө жеткирүүнү көздөп жатат деген ойдо.

Фарид Ниязов — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Атамбаев бийлик башында турганда президенттин бейрасмий «оң колу» деп аталып жүргөн. Учурда ал ТИЗО-1де кармалып турат, Кой-Таш окуялары жана 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандыктар ишинин фигуранты болуп эсептелет.

«Эгерде бийлик баарын коркутуп же кызуу иштеп жаткандай түр көрсөтүп, элдин көңүлүн бул окуядан "буруп кете турган" болсо, Марат Казакпаевдин тагдыры бийликке тоскоол болгондордун көзүн тазалоонун бир жолу же болбосо абийирсиз соттор, прокурорлор жана тергөөчүлөрдүн былыктарын "жашыруунун" бир ыкмасына айланат», — дейт Атамбаев.

Мурдагы президент банкир Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча да көптөгөн суроолор бар экенин белгиледи.

«Ташиев Асанбаевдин өлүмүнө жеке кызыктар болган эмес деп ишенимдүү айта алам. Бирок, бул учурду да тыкыр иликтөө керек. ТИЗОдо каза болгондордун өлүмүн иликтей турган комиссиянын курамына маркумдардын жакындары да киргени туура болот деп эсептейм», — деди ал.

Казакпаев менен Асанбаевдун өлүмү.

Марат Казакпаев жана Бакыт Асанбаев.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда каза болгон. Андан бир күн мурда ал инсульт алып, мээсине кан куюулуп кеткен. Дароо УКМКнын ТИЗОсунан Шаардык клиникалык №1 ооруканага жеткирилип ИВЛ аппаратына кошулган. Казакбаев убактылуу кармоочу жайда бир жылдан ашык жаткан — ал 2021-жылдын 13-апрелинде мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган.

Казакпаев каза болгондон кийин УКМКдан ал «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин» белгилешкен.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Казакбаевдин өлүмүнө бийликтин эч кандай тиешеси жок деп билдирген. Ал саясат талдоочунун жакындарынын маркум УКМКнын ТИЗОсунда кыйноого алынганы тууралуу билдирүүлөрүн «жалган» деп атаган. Ташиев УКМКнын ТИЗОсунда кыйноо «эч качан болгон эмес, болбойт дагы» деп белгилеген.

18-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында «Айыл Банк» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынган абалда табылган. Бирок Бакыт Асанбаевдин туугандары ал өз жанын кыймак эмес дешкен. Алар сөөктү ачканда кабыргасы, акырек сөөгү сынганын жана чыканагында көк ала тактар аныкталганын айтышкан.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Казакпаев жана Асанбаевдин өлүмүн иликтей турган комиссия түзүлгөн. Өлкө башчысынын администрациясынын маалыматына ылайык, жумушчу комиссия кармалгандардын УКМКнын тергөө абагында каза табышын бейтарап жана объективдүү изилдөө үчүн түзүлгөн.

21-июнда комиссиянын биринчи отуруму өтүп, ага Камчыбек Ташиев катышкан. УКМКнын төрагасы саясат таануучу Казакпаев менен банкир Асанбаевдин өлүмүн иликтөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирген.