УКМК төрагасы Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүнө моралдык жоопкерчиликти сезерин айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев саясат талдоочу Марат Казакпаевдин жана «Айыл Банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссиянын алгачкы жыйынына катышты. Жыйындан кийин Ташиев журналисттерге интервью берип, моралдык жоопкерчиликти сезерин, бирок комиссия иш алып барып жатканда кызматтан убактылуу четтебей турганын айтты.

Ташиев мындай окуялар буга чейин дагы болуп келгенин белгилеп, аны болтурбоого «эч ким кепилдик бере албайт» деди.

«Азыр мамлекет тарабынан комиссия түзүлдү, андан сырткары ички комиссия иштеп жатат. Мен ушундай жоопкерчиликтүү кызматта турам, убактылуу четтетилгенге болбойт. Дайыма мындай болуп турат, көптөгөн убактардан бери мындай нерсе болуп келген. Анан болбой коёт деп эч ким кепилдик бере албайт. Жоопкерчиликти сезем, ал кишилер эле эмес, ар бир адам үчүн сезем», — деп түшүндүрдү Ташиев.

Ошондой эле ал комиссиянын ишине бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүнү убада кылды.

«Аларга камералардын ичине чейин көрсөтөбүз. Бардык документтер менен таанышканга мүмкүнчүлүк беребиз», — деди ал.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 18-июнда Марат Казакпаевдин жана Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзүлгөн.

Комиссияга Казакпаевдин жана Асанбаевдин жакын туугандары, акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген. Аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектейт.

Марат Казакпаевдин өлүмү

Саясий талдоочу Марат Казакпаев 2021-жылдын 13-апрелинде УКМК тарабынан «мамлекетке чыккынчылык кылды» деген шек менен кармалган. Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Казакпаев гемморрагиялык инсульт болуп, мээсине кан уюп, ТИЗОдон реанимацияга жеткирилген. Бирок 10-июнда ооруканада көз жумган.

УКМК Казакпаев мээсине кан уюп каза болгонун билдирген. Атайын кызматтан эксперт «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык» деп бааланып келгенин белгилешкен.

13-июнда Акыйкатчы институту Казакпаевдин өлүмүнүн жагдайын иликтей турган коомдук комиссия түзгөнү белгилүү болгон.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Казакпаевдин өлүмүнө бийликтин «эч кандай тиешесиз жоктугун» айткан.

Бакыт Асанбаевдин өлүмү

18-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында «Айыл Банк» ААКтын кредиттик тескөө бөлүмүнүн башчысынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынган абалда табылган. Ал 2022-жылдын 30-апрелинен бери коррупция ишине байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча ТИЗОдо камакта болчу.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ТИЗОнун кызматкерлери жана камерада бирге отургандар ага биринчи жардам көрсөтүп, медиктерди чакырган. Бирок ал тез жардам келгенге чейин каза болуп калгандыктан, жерине келген дарыгерлер өлүмдү катташкан.

УКМКдан Асанбаев дагы үч айыпталуучу менен бирге сан-блокто кармалганын белгилешти. Алар эки камерада эки адамдан кармалганын Асанбаев жанын кыюу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан белгилешкен.

Бирок, маркумдун бир тууганынын айтымында, Асанбев 17-июнда башка камерага которулган. Акыркы күндөрү ким менен бирге кармалганы — белгисиз.

Окуя боюнча Башкы прокуратурадан аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө баштаган. Маркумдун бир тууганы Талант Асанбаев Бакыт Асанбаевдин сөөгүнө дайындалган экспертизага катышканын айткан.

Асанбев агасынын кабыргасы, акырек сөөгү сынганын жана чыканагында көкала тактар аныкталганын билдирди.Маркумдун бир тууганы Бакыт Асанбаев сабалган болушу мүмкүн деп эсептейт.

Ошондой эле ал Асанбаев өз жанын кыймак эместигин, ага эч кандай себептер жок болчу деп белгилеген.