Нарында карындашына болушам деп сабалган баланын ишин ИИМ башчысы көзөмөлгө алды

Нарын районунун Кара-Чий айылында 22 жаштагы бала өспүрүм карындашын коргойм деп, топ балдардын катуу ур-токмогуна кабылды. Жабырлануучу баланын апасы Калыгүл Саралаева акыйкат издеп «Клоопко» кайрылган. Бул ишти ИИМдин башчысы Улан Ниязбекова өз көзөмөлүнө алганы кабарланды.

Окуя кандай болгон?

Калыгүл Саралаеванын айтымында, окуя апрель айынын башында болгон. Анда анын 15 жаштагы кызына коңшу айылда жашаган бала келип тынчын ала берген. Мындан улам, кыздын бир тууган агасы Жумгалбек Керимбеков ал балага экинчи тынчын албоону айткан.

«Мен жалгыз бой энемин. Төрт кызым бар, балам жалгыз эркек бала. Ал бала акыркы жолу келгенинде балам аны менен сүйлөшүп, экинчи келбөөнү айткан. Ошондон кийин ал 15 чакты досун ээрчитип келип, баламды сабашкан. Менин балам карындашын коргойм деп ур-токмокко кабылды», — дейт ал.

Саралаева баласы катуу сабалганына карабастан, Нарын облустук соттук-медициналык экспертизадан «абалы анча оор эмес» деп бүтүм чыгарып берип коюшканын айтат.

«Нарындан Бишкекке оор акыбалда санавиация менен келдик. Дароо эле томография жеткирди. Анда баламдын бир жак бети, мурду жана тиши сынганы аныкталды. Уулум ушул күнгө чейин Улуттук госпиталда дарыланып жатат. Температурасы 39.9-40 градуска чейин көтөрүлүп жатат. Баламдын жана кызымдын укугун коргогон эч ким жок», — деп билдирген апасы.

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматынан «Клоопко» бул иштин ички иштер министри Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алганын жана күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алат деп билдиришти.

«Улан Ниязбеков өспүрүмгө карата мыкаачылык менен жасалган кылмыштын чоо-жайын аныктоону, аны дыкаттык менен териштирүүнү тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Нарын РИИБде «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен катталды. Мындан сырткары, милициядан учурда комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирлишти.

Акыйкатчы эмне дейт?

Окуя боюнча акыйкатчы Атыр Абрахматова эмне себептен экспертизанын жыйынтыгы «жеңил жаракат алган» деп чыгарылганы түшүнүксүз болуп атканын айтат. Ошондой эле, ал бул иштин бардык жагдайын текшерүү үчүн кошумча комиссиялык экспертиза дайындаганын билдирди.

«17-июнда биздин кызматкерлерди жана жабырлануучунун апасын кошуп Нарынга жөнөткөнбүз. Алар жеринен териштирүү жүргүзүп келишти», — деди ал.

Ошондой эле, ал ур-токмокко алган балдардын көпчүлүгү мектепте окуган өспүрүм балдар экенин белгилеп, бирок арасында 18 жаштан өткөн балдар дагы бар экенин билдирди.

«Бизден республикалык экспертиза борборунун жетекчисине муну “өз көзөмөлүнө алышын жана эмне себептен жеңил жаракат алды” деп жыйынтык чыкканына баа бергиле деп талап кылдык. Сабаган балдардын туугандары тааныштарын салган жокпу, аларды дагы текшерип атабыз», — деди ал.