Акылбек Жапаров: Өлкөдө 300 миң адам кедей, 1 млнго жакын киши орто жана бай жашайт

Кыргызстанда 300 миң адам кедей, 1 млнго жакын киши орто жана бай жашайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынындагы активдерди легалдаштыруу жөнүндө мыйзам долбоору каралып жаткан учурда билдирди.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган мыйзам долбоордун негизинде байлардын декларациясын көрүп, салык төлөтө турганын кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө байлар байлыктарынын баарын жашырып жатышат. Алар байлыктарын бөлөк адамдардын атына каттаткан. Өлкөдө 300 миңге жакын кедейибиз бар. Алардын үйлөрүнүн баарын сүрөткө тартып, каттоого алып, түздөн-түз жардам берип жатабыз. Ал эми 1 млнго жакын киши орто, байлардын катарына кирди. Байларга "сырт жакта офшорлордо жүрбөгүлө" деп жатабыз. Ал акчаңардын баарын алдырып жиберишиңер мүмкүн. Эгер болсо андан көрө Кыргызстанга алып келгиле. Бул жактан легалдаштырып алгыла да, салык төлөй баштайсыңар деп жатабыз», — деди Жапаров.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, Кыргызстанда үч ирет, 2008, 2008 жана 2013-2014-жылдары легалдаштыруу өнөктүгү өткөн. Мыйзамдын демилгечилери үстүбүздөгү жылдан 2023-жылга чейин төртүнчү ирет легалдаштыруу өнөктүгүн өткөрүүнү пландап жатат.

Министрлер кабинетинин айтымында, мыйзам долбоорунун максаты көмүскө экономиканын көрсөткүчүн азайтуу болуп эсептелет. 22-июнда мыйзам парламенттин биринчи окуусунда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.