Кара-Суу: Оор жүк ташуучу унаа жол четине оодарылып, 3 жаш бала каза болду

Ош шаарына чектеш жайгашкан Кара-Суу районунун Касымбеков көчөсүндө 24-июнда «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып адамдарды басып калды. Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан 3 жаш бала каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен «Клоопко» жеринде Ош шаардык куткаруу жана тез жардам кызматы иш алып барып жатканын айтышты. Учурда каза болгон жаш балдардын өздүгү такталууда.

26-майда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ош — Сары-Таш — Карамык унаа жолунда жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапкан. Алардын экөө жаш бала.

Анда «Волво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа чиркеп бара жаткан контейнер каршы тилкеде келе жаткан «Хендай Портер» унаасынын кабинасына түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен унаада болгон 6 жаштагы бала жана 36 жаштагы киши жеринде каза тапкан. Ал эми 4 жашар наристе тез жардам унаасында жан берген. Ошондой эле авариядан 29 жаштагы аял жабыркаган.

Ош ОИИБдин маалыматына ылайык, облуста 2021-жылдын он айында 660 унаа кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 102 киши каза таап, 1 157 киши ар түрдүү жаракаттарды алган.

Ал эми жалпы өлкө боюнча аталган аралыкта 5 437 жол кырсыгы катталып, 587 киши каза тапкан. Ошондой эле кырсыктан 8 298 киши жаракат алган.