Сокулукта эки жаштагы Егорду сабаган киши беш жылга кесилди

Сокулук районунда эки жаштагы Егор аттуу баланы мыкаачылык менен сабоого шектелген Александр Самаркин беш жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «Балдарды коргоо лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова Фейсбук барагына жазды.

Айыпталуучунун ишин Сокулук райондук соту 23-июнда карап, «Уруп-сабап кыйноо» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.

Эки жаштагы баланын сабалышы

Баланын сабалганы тууралуу 2022-жылдын 3-февралында белгилүү болгон. Анда милициядан денесине оор жаракат алган бала ооруканага жетирилгенин кабарлашкан.

Буту-колу күйүп, бети-башы, денеси жана жыныс органы көгала так, кесилген абалдагы бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Баланын энеси уулун аларга иш берген киши сабаганын айтып берген. Кийинчээрек наристени ооруканада багып жаткан атасы Николай Кемалетдинов «Азаттык үналгысына» маек куруп, ал өзү жалданып иштеген мал-чарбанын ээси наристеге жана анын апасына көптөн бери эле зомбулук көрсөтүп жүргөнүн айткан.

Эки жашар баланы сабоого шектелген 35 жаштагы мал-чарбанын ээси тергөө аяктаганча камакка алынган.

Кийинчерээк милиция тергөө ишинин жүрүшүндө сабалган баланын ата-энесинин жумуш берүүчүсүн кармаган. Көп өтпөй баланын апасы көрсөтмөсүн өзгөртүп, шектүүнүн күнөөсү жоктугун, дем алыш күндөрү балдарды атасына калтырып жүргөнүн билдирген.

7-февралдагы маалымат жыйында акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков бала буга чейин 19-январда дагы кулагынын кемирчеги сынып ооруканага түшкөнүн билдирген. Ошол убакта, Азарбековдун билдиришинче, «дарыгерлерге бала жыгылып кеткен» деп айтылган.

10-февралда ур-токмокко алынган бала дарыланып жаткан Бишкектеги 3-балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акыл Маманов Егордун абалы туруктуу экенин маалымдаган.

Арадан төрт күн өткөндөн кийин Турдубекова эки жаштагы Егордун апасы менен атасынын ата-энелик укугу чектелгенин айткан.

Атайын комиссия наристенин ата-энесин жана чоң энесин угуп, баланы жана анын төрт жаштагы эжесин (тергөө убагында) убактылуу чоң энесинин карамагына берүүнү чечкен.