Судья Темировдун адвокаттарына жашыруун көрсөтмөлөр менен таанышууга уруксат берген жок

24-июнда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги сот отуруму өттү.

Отурумда Темировдун жактоочулары кылмыш ишинин жашыруун материалдары менен таанышуу тууралуу өтүнүч келтиришти. Бирок судья Акылбек Адимов бул өтүнүчтү канааттандырган жок.

Журналисттин жактоочуларынын бири Замир Жоошевдин айтымында, күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүн адвокаттарга бербөө менен «судья мыйзам талаптарын аткарган жок».

«Тергөөчү көрсөтмө берген күбөлөр, алардын аты-жөнү жана алар тууралуу маалымат коопсуздугун сактоо үчүн жашырылышы керек деген чечимди кабыл алган экен. Тергөөчү ошондой кылса болот, бирок алардын көрсөтмөсү купуя сырга айланбаш керек. Тергөөчүлөр купуя сырга айлантып туура эмес кылган. Натыйжада бизди көрсөтмөлөр менен тааныштырган эмес. Эми биз көрсөтмөлөрдө эмне айтылганын билбеген абалда Темировду жактаганга аргасызбыз», — деди Жоошев.

Болот Темировдун соттук отуруму.

Мындан улам Темировдун адвокаттары судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бирок сот бул өтүнүчтү да четке кагып койду.

Болот Темиров сот отурумуда эксперт-криминалисттин видеого тартуу боюнча эрежелери камтылган 320-буйрукту ИИМден сурап берүүнү талап кылды. Анткени Темировдун пикиринде, видеого тартууда алешемдиктер кеткен.

Мамлекеттик айыптоочу тараптан сот отурумунда күбөлөрдүн бири суралды. Анда жактоочулар жана журналист тактоочу суроолорду берип, жооп алышты. Кийинки отурум 28-июнга белгиленди.

«Бардык маселе баңгизат болуп атат, ал жөнүндө суроо бердик. Элестетип көргүлө, [баңгизат] арткы чөнтөгүмдө болсо, отурсам майдаланышы керек эле, анан ошол суроону бердим. Ал “негизи отуруп тура калсаң эч нерсе болбойт, көпкө отурсаң сөзсүз түрдө формасын жоготот” деди. Биз сүрөттөрдө [баңгизаттын] формасын жоготпой, жаңы бойдон турганын көрүп атабыз», — деди Темиров.

Темировго козголгон кылмыш иштери

Иликтөөчү журналист Болот Темировго карата төрт кылмыш иши козголгон — паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңгизаттарды даярдоо.

Кылмыш иштеринин баары Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары мамлекеттик тендерлерге катышып жатканы тууралуу иликтөө жарыялагандан кийин козголгон.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий мүнөзгө ээ» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.

Дагы окуңуз:

Temirov Live’дын журналисти кимдир бирөө үйүнүн жанына белгисиз зат таштап кеткенин кабарлады

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Сот Болот Темировдун негизсиз далилдерди жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок