Сот Болот Темировдун негизсиз далилдерди жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок

18-майда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы соттук угуу болуп, кийинкиси 25-майга белгиленди.

Угууда Темировдун адвокаты Разак Ашимбаев айыптоочу тарап негизсиз далилдерди келтиргенин айтып, жокко чыгарууну өтүндү. Бирок сот өтүнүчтү канааттандырган жок.

Болот Темиров негизсиз далилдердин катарына аны кармоо учурундагы видеону мисал кылды. Темировдун айтымында, видео тартылып жатканда бир мүнөткө жакын убакытка үзгүлтүккө учураган, ал Кылмыш-процессуалдык кодекске каршы келет.

«Сот кийинки отурумдарда бул өтүнүч менен кайрылсаңар болот деди. Азыр эң негизги далил — тергөөчү менен ыкчам топтун берген көрсөтмөлөрү. Алар объективдүү боло албайт. Эң негизги далил деп [айыптоочулар] ошону тиркеп жатышат. Аны биз соттон жокко чыгарууну өтүндүк», — деди журналист.

Андан тышкары Болот Темиров ишти иликтеп жаткан тергөөчү анын паспортун «өзү эле жараксыз деп» чечим чыгарып койгонун белгиледи. Журналист учурда кыргыз паспортун колдоно албай жатканын кошумчалады.

«Тергөөчүнүн андай укуктары жок. Өз оюнан чыгарып чечим чыгара береби? Менимче атайын комиссия жокко чыгарышы керек болчу. Кандайдыр бир документти жокко чыгарыш үчүн сотко кайрылыш керек», — деп белгиледи ал.

Темиров иликтөөлөр чыккандан соң бийлик жаңы кылмыш иштеринин козгоп, журналисттерге «бир нерсе кылсаңар дагы күчөтөбүз деп эскертүү берип жатат» деп билдирди.

«Бизге кысым кылып жаткандарын өздөрү кокустук дей берет, бирок баары далил. Мисалы, башкы тергөөчү иш башталганда капитан болчу, иш жүрүп жаткан кезде майор болуп калды. Муну деле эртең кокустук деп айтышат», — деди журналист.

Болот Темировго каршы козголгон кылмыш иштери

Учурда Болот Темировго карата жалпы төрт кылмыш иши козголгон: паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңгизаттарын даярдоо.

Кылмыш иштердин бардыгы Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары мамлекеттик тендерлерге катышып жатканы тууралуу иликтөөлөрүн жарыялагандан кийин козголгон.

Милициядан Темиров башка адамдын аскердик билетин колдонуп жүргөн жана жасалма убактылуу күбөлүктүн жардамы менен кыргыз паспортун мыйзамсыз алган, журналист өзү Орусиянын жараны деп түшүндүрүшкөн.

«Ал номери башка адамга таандык, жасалма аскердик билет алган», — деп билдиришкен анда ИИМден. Алар Темиров кыргыз паспортун 2008-жылдан бери мыйзамсыз колдонуп жүрөт деп ишендиришкен.

Аскердик билет тууралуу версияны президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы айтышкан. Алар Темиров аскердик билетти уурдап алган дешкен.

«Болот Темиров Кыргызстанга келип, аскердик билетти уурдап, ага сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошонун жардамы менен кыргыз паспортун мыйзамсыз алган», — деп айтышкан алар.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Буга чейин Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) иликтөөчү журналист Болот Темировго тагылган айыптарды алууну талап кылышкан.

Уюмдагылар аталган кылмыш иштерин «саясий жүйөөлүү» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп эсептешет.

Тема боюнча:

Прокуратура Темировдун ишин сотко өткөрдү. Иште жашыруун материалдар пайда болду